Жаңылыктар
Баткенде «Коопсуздук - 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк - 2021» аскердик машыгуулар болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде «Коопсуздук - 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк - 2021» аскердик машыгуулар болуп өттү

Ушуул жуумада Баткен облусунда «Коопсуздук - 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк - 2021» аттуу уч кундук биргелешкен командалык-штабдык, мобилизациялык машыгуулар болуп өттү. Бул иш-чарага 2 миңден ашуун аскер кызматкери, 100го жакын унаа бирдиги, жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык тутум жана 10го жакын авиатехника бирдиги тартылды.

Мындай иш-чаралар өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын республиканын ар кайсы облустарында өткөрүлүп турат. 2020-жылы гана пандемия илдетинин кесепеттеринен улам пландалып келген машыгууларды откоруу убактылуу токтотулган болучу.

Бул машыгуулардын башкы максаты - коргоо министрлигинин аймактагы мобилизациялык резервдик дареметин аныктоо, ошондой эле, ар кандай озгочо кырдаал учурунда аскер кучтору менен укук коргоо органдарынын, озгочо кырдаал жана саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактагы болукторунун биргелешип аракеттенуу багыттарын иштеп чыгуу болуп саналат.

Кыргызстандын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров Баткен облусундагы Бужум аскер полигонуна келип, машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.

Машыгуулардын сценарийине ылайык, республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча атайын биргелешкен операция жүргүзүлдү. Ошондой эле, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү менен 2-деңгээлдеги аскердик талаа госпиталы ачылды, стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо жана коргоо иши уюштурулду, резервдеги бөлүктөр тарабынан блокпосттор орнотулуп, согуштук иш-аракеттер жүрө турган аймактан жарандарды эвакуациялоо, иргөөчү пункттар менен качкындарды убактылуу жайгаштыра турган пункттарды ачуу иштери көрсөтүлдү.

Иш-чарага Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Улуу Британия, Пакистандын аскер атташелери дагы чакырылган.