Жаңылыктар
ТМККга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммити болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ТМККга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммити болуп өттү

31-мартта, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммити болуп өттү. Бул саммитке президент Садыр Жапаров катышып, соз суйлоду. Анда президент күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерге токтолду жана түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция процессин бекемдөө боюнча бир катар факторлорду белгилеп отту. Алардын катарында, олко башчысы түрктилдуу мамлекеттердин биргелешкен инвестициялык фондун түзүү идеясын колдогонун айтып, ал фонддун башкы кенсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу боюнча оз пикирин ортого салды.

Ошондой эле, түрк мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук жана коммуникациялык кызматташтыкты күчөтүү жана соода жүргүзүү процессин активдештирүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу маселелерине токтолуп: «Европа менен Азиянын ортосундагы эӊ коопсуз жана кыска соода жолу макамына ээ болгон, «Ортолук коридор» деп аталган Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын потенциалын толук пайдалануунун зарылдыгын белгиледи.

Жана «Түрк кеӊешинин аймагында жаӊы темир жол линияларын куруу долбоорун, анын ичинде Кыргызстанды бир тарабы Өзбекстан, экинчи тарабы Кытай менен байланыштырган жаӊы темир жол долбоорун ишке ашыруу Кыргызстан үчүн чоӊ мааниге ээ», - деди Садыр Жапаров.