Жаңылыктар
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоого башында 59 саясий партия аттанган болчу
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоого башында 59 саясий партия аттанган болчу

Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоого башында 59 саясий партия аттанган болчу. Ар кандай юридикалык маселелер, мыйзамдуу талаптардан улам тандалып келип учурда шайлоого 27 саясий партиянын талапкерлери катышууда. Мындай активдуулукту саясий партиялар парламенттик шайлоолордун журушундо да корсото алган эмес, деп айтат саясий серепчилер.

Биз жергиликтүү бийлик органдарындагы көпчүлүк орундарга ээлик кылуу саясий партиялар учун канчалык маанилуу экенин айтып келген элек. Серепчилердин айтымында, бүгүнкү шайлоо кийинки болотурган парламенттик шайлоого корулуп жаткан түздөн туз даярдыгы экенинде калет жок. Себеби, эгерде саясий партиялар бүгүн жергиликтүү органдардан копчулукко ээ болуп калган болсо, алар жергиликтүү тургундардынын арасында озунун саясий программаларын колдоочу көпчүлүктү түзүүгө аракет көрүп, алдыда турган ЖК ке шайлоо оноктугун утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу ыктымал, дейт серепчилер.

11-апрелде, белгилүү болгондой, айылдык кенештерге депутаттарды шайлоо менен бирге жаны Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүлөт. Жаны Конституциянын долбоору демократиялык таалаптарга жооп бербейт, андагы коптогон беренелер адам укугуна карама каршы келет, деген сыяктуу сын пикирлер, талаш-тартыштардын деми учурда томондогон сыяктуу сезилет, бирок, жаны баш мыйзамдын кабыл алышына каршы болгон кучтордун уну дагы да болсо бирин-серин угулуп келуудо.

Олконун тургундары 10-январда президенттик башкаруу боюнча озунун позициясын анык билдирген, демек 11-апрелде эл ошол позициясын дагы бир жолу колдоп коюсу кутулуудо. Анткени, жаны Конституция кабылалынбаса, анда президенттик башкаруу формасын да киргизуу мумкунчулугу жокко чыгарылат. Аны шайлоо укукгуна ээ болгон жараандарыбыз жакшы билет. Демек, алар 11-апрелде шайлоого келип, озунун ыктыярдуу тандоосун билдирип кетеринде калет жок.

Бүгүнкү күндө Боршайком, мамлекеттик органдар, муниципалдык жана оз алдынча башкаруу жергиликтуу органдар келе жаткан добуш беруу кунундо ар кандай мыйзам бузууларга богот коюга жана шайлоолордун ачык-айкын өтүшүнө шарт тузуп берүүгө толук даяр экенин өзгөчө белгилеп кетүү абзел.