Жаңылыктар
Түркияда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды
Дүйнө
Түркияда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Түркиянын Хатай шаарында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. 

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн элчи Кубанычбек Өмүралиев, мындан 30 жыл мурун союздун курамына кирген түрк тилдүү элдердин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылганын, алардын көзкарандысыздыгы мамлекеттер ортосунда жылуу мамилелердин чыңдалышына өбөлгө болгонун белгиледи. Буга кошумча ТҮРКСОЙ сейил багынын ачылыш аземи болду. Анда түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн рельефтик портреттери, алар тууралуу маалымат такталары орнотулган. 

Катарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да бар. Өмүралиев, Айтматовдун рельефтик портретин паркка жайгаштыруу - символикалык мааниге ээ, ал жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий байлыгы экендигин баса белгиледи. Кыргызстандын элчиси Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган, шаар жетекчиси Лутфу Саваш менен тар чөйрөдө жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Хатай шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда туугандык мамилелерди түзүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстандын Хатай ЭКСПО-2021ге катышуу маселеси талкууланды.