Кыргызгидромет 10-апрелге чейинки болжолдуу аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Аптанын алгачкы күндөрү жаан жаашы күтүлөт. 5-6-апрель күндөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн. 7-8-9-апрелде күн жылуу болушу божомолдонууда. Ал эми 10-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болуп, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.