Борбор калаадагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында "Үмүт шамы" коомдук кайрымдуулук фондунун 10 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Келген конокторго ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, эстрада ырчылары, балдар ансамблинин тарбиялануучулары өнөрлөрүн тартуулады. Фонд 2011-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, ата-эне мээриминен ажыраган балдардын укугун коргоп, социалдык жактан кам көрүү максатында түзүлгөн. Учурда Чүй облусу менен Бишкек шаарынан 200дөн ашык жаранга камкордук кылат.