Бишкекте 26-марттан 1-апрелге чейин жол эрежесин бузган 5 миң 582 факты катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 59 айдоочу мас абалында автоунаа башкарып бара жатып кармалса, 15 айдоочу унаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып алган. 88 киши айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарып бара жатып колго түшкөн. 113 айдоочу “Коопсуз шаар” долбоору боюнча камерага түшүп, айып пулдарын төлөгөн эмес. Ал эми 502 унаа убактылуу айып төлөтүүчү жайга токтотулган.