Жаңылыктар
Япония менен Кореянын дзюдочулары Бишкекке учуп келишти
Спорт
Япония менен Кореянын дзюдочулары Бишкекке учуп келишти

Япония менен Кореянын командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келишти. 

Мелдеш 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү өтөт. Мелдешти Covid-19 шарттында өткөрүү Протоколуна ылайык, ар бир командага өзүнчө транспорт, медициналык текшерүү, ПЦР тест жана 24 саат байкоо жүргүзүү шарты каралган.

Аталган турнир пандемияга байланыштуу көрүүчүлөрсүз өтүп, "КТРК Спорт" каналы аркылуу түз алып көрсөтүлөт.