Кырсыктын кесепетинен ондогон үйлөр көмүлүп, көпүрө кыйрады. Жабырлануучулар ооруканаларга жөнөтүлдү.
Индонезиянын борбордук бөлүгүндөгү Чыгыш Нуса Тенггара провинциясында катуу суу ташкыны жана жер көчкү кеминде 20 кишинин өмүрүн алып, 5 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги Кырсыктарды алдын алуу боюнча улуттук агенттикке шилтеме берүү менен билдирди.
Кырсык жекшемби күнү, 4-апрелге караган түнү болгон. Натыйжада, ондогон үйлөр көмүлүп, дагы бир нече имараттар урап, көпүрө талкаланган.
Жабырлануучулардын бардыгы ооруканага жаткырылды.