Жаңылыктар
Президент С.Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент С.Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрүндө иш сапары менен Баткен жана Ош облустарында болду.

Баткен облусунда Мамлекет башчысы Бужум аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.

Андан соң Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын биринчи мамычасынын пайдубалына капсула салды. Ошондой эле Баткен шаарында жайгашкан өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта ишканаларды куруу долбоору менен таанышты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Кичи жана Чоң Памир аймактарынан Ош облусунун Алай районуна көчүп келген афган кыргыздары менен жолугушту.