Жаңылыктар
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында жер титирөө катталды

Кыргызстандын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-апрель күнү саат саат 10:26да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында - 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.