Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы жолдо жүк ташуучу унаа үстүндөгү 7 жеңил унаа менен чогуу күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен ишкер болжол менен 65 000 долларга чыгым болду. Бул тууралуу жабырлануучу өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
Белек Аттокуровдун айтымында, жакында эле 35 миӊ долларга трал алып, унаа ташый баштаган.
«Өзүм Бишкекте турам. Мурда жер менен иштечүмүн. Тралды карызга алып, унаа ташып баштаганбыз. Бул экинчи каттам. Карызды болсо бир жылдын ичинде кутулушум керек болчу.
Ушул жылдын 2-апрелинен 3-апрелине караган түнү Кыргызстанга Россиядан унааларды жүктөп келе жатып, жолдон кырсыкка учурадык. Күтүлбөгөн жерден унаалардын баары толугу менен күйүп кетти. Алардын баасы 30 миӊ доллар болот. Ээлери түшүнүп, күтөбүз деп жатышат», - деди ал.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт күйүүчү майдан улам чыккан.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылып, жалын саат 2лерде толук өчүрүлгөн.
Учурда социалдык тармактарда ишкерди колдоп, жардам берүү максатында атайын эсептер ачылды.