Жаңылыктар
Эралиев Олимпиадалык курамабыздын капитаны болуп дайындалды
Спорт
Эралиев Олимпиадалык курамабыздын капитаны болуп дайындалды

Рио-де-Жанейрого баруучу Кыргызстандын Олимпиадалык курамасынын капитаны болуп дайындалды. Мындай чечим Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилиги тарабынан кабыл алынган. Арсен Эралиев — грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери. Кезектеги Олимп оюндарына ал жолдомону өткөн жылы Лас-Вегаста өткөн чемпионатта 5-орунду алып, утуп алган. Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча улуттук курамасынын мүчөсү, 60тан ашык медалды топтогон Арсен Эралиев күрөш дүйнөсүнүн грек-рим түрү боюнча рейтингде 7-орунда турат. Эске салсак, Кыргызстандан олимп оюндарына спорттун 6 түрү боюнча 19 спортчу барат. Алар - спорттук күрөш, дзюдо, бокс, оор атлетика, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча ат салышат. Олимпиада оюндары 5 -21-августка чейин Бразилиядагы ири шаарлардын бири Рио-де-Жанейродо өтөт. Жалпысынан 306 комплект медаль спорттун 28 түрү боюнча ойнотулат.