Жаңылыктар
Ереванда демонстранттар менен полиция кагылышты
Дүйнө
Ереванда демонстранттар менен полиция кагылышты

Кечээ кечинде Еревандын Эребуни районунда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан көп адам жаракат алды. Алардын арасында полиция кызматкерлери да бар. Бул тууралуу Армения полициясынын жетекчисинин орун басарынын сөзүнө таянып “Интерфакс” агенттиги жазып чыккан. Кагылышуу полициянын Эребуни райондук бөлүмүндө бир нече тартип сакчысын барымтада кармап турган жерде болгон.

 

Демонстранттар полицияны таш менен ургулап, укук коргоо органдары аларды таратуу үчүн кулак тундуруучу граната менен көз ачыштырган газ колдонду. Активисттер - куралдуу оппозициялык топту жактагандар. 

Полициянын Эребуни райондук бөлүмүндө бир нече тартип сакчысын барымтада кармап турган куралдуу топко тамак-ашты полиция кызматкерлери эмес, оппозициячыл депутат берсин деп талап кылууда. 

Эске сала кетсек, Полициянын имаратын басып алгандар “Негиздөөчү парламент” кыймылынын лидери Жирайр Сефилянды бошотууну жана Армениянын Президенти Серж Саргсяндын отставкага кетүүсүн талап кылууда. Куралдуу топ полиция кызматкерлерин 17-июлдан бери барымтада кармап турат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118