Жаңылыктар
Россия Кыргызстанга микробиологиялык мобилдик лаборатория берди
Кыргызстан жаңылыктары
Россия Кыргызстанга микробиологиялык мобилдик лаборатория берди

Россия Кыргызстанга экспресс-диагностика үчүн микробиологиялык мобилдик лаборатория берди. 

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, Роспотребнадзор Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Эл аралык медико-санитардык эрежелерди ишке ашыруу жөнүндөгү келишимдин алкагында, акысыз негизде лабораторияны өткөрүп берди. 

Лаборатория инфекцияга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын эпидемияга каршы бригадалар тарабынан колдонууга ылайыкталган.