Жүрөк оорусунун алгачкы белгилерин башка оорулар менен оңой эле чаташтырып алууга мүмкүн. "Express" Британиянын жүрөк фондунун маалыматтарына таянып, өмүргө коркунуч туудурган абалды кантип билсе болорун айтты.
Башкы факторлордун бири - көкүрөк жактагы ыңгайсыздык, бул бир аз убакыт өткөндөн кийин дененин башка бөлүктөрүнө жайылышы мүмкүн. Алсак, моюн, жаак, бел, ашказан, кол ооруй баштайт. Ушул белгилер гана тезинен дарыгерге кайрылуу керектигинен кабар берет. Андан тышкары, инфаркттын дагы бир белгиси - жүрөк жана баш айлануу, демдин кысылышы.
Адистердин пикирине таянсак, оорунун мындай белгилери бир нече күнгө созулушу мүмкүн же болбосо күтүлбөгөн жерден пайда болуп калышы да ыктымал. Окумуштуулар буга чейин адамдын канынын тобу жүрөк оорусунун өөрчүшүнө таасир этет деп билдиришкен. Маалым болгондой, канынын тобу экинчи жана үчүнчү болгон адамдардын жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу биринчи топтогуларга караганда сегиз пайызга жогору болот.