Жаңылыктар
Добуш берүүчүлөрдүн тизмеси «Тизме» мамлекеттик порталга жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Добуш берүүчүлөрдүн тизмеси «Тизме» мамлекеттик порталга жарыяланды

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлап жана референдумга добуш берүүчүлөрдүн тизмеси шайлоочулардын «Тизме» деп аталган мамлекеттик порталына жарыяланды. 

1-апрелге карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллион 318 миң 130 адамды түздү. Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Жергиликтүү кеңештерди шайлап добуш бере тургандар үчүн өлкөдө 2 миң 273 тилке ачылды. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. 

Референдумга карата добуш бере турган шайлоо участокторунун саны жергиликтүү кеңешти шайлагандарга караганда 210го көп болду. Анткени референдумда чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз дагы добуш бергендиктен алардын тандоосу менен эсептешкенге дагы шарт түзүлдү.