Жаңылыктар
Турдуназир Бекбоев: Айыл чарбасындагы алгылыктуу иштер жасалууда
Айыл чарба
Турдуназир Бекбоев: Айыл чарбасындагы алгылыктуу иштер жасалууда

Агрардык сектордун 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымат берди. 

Министр белгилегендей, ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча 55 млрд 505 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 102 пайызды түзгөн. Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө болгону эске алынып, жерди иштетүүдө жогорку кирешелүү, экспортко багытталган жана экономикалык жактан ыңгайлуу өсүмдүктөргө, өзгөчө мөмө-жемиштерди өстүрүү боюнча дыйкан-фермерлерге багыт берилип жатканын министр белгиледи. 

Ошондой эле дыйкандардын заманбап технологияларга умтулушун колдоо максатында, мыйзам менен сугат айдоо жерлерге мораторий киргизилгендигине байланыштуу, айдоо жерлерге жеңил конструкциядагы күнөсканаларды курууга уруксат берген Мыйзам долбоору кабыл алынган. Ал эми жазгы айыл чарба жана оруп-жыйуу жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба техникалары 85-90% катышууда.

"Ар бир айыл өкмөттөргө биз мүмкүнчүлүктөрдү алып бердик. Машина-трактордук станцияларды курганга. Мына машина-трактордук станциялар Чүй облусунун Сокулук районунда эки жерде ачылды. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир айыл өкмөттө ачылды. Азыр, жакынкы күндөрү Талас облусунда үч айыл өкмөткө ачууну пландаштырып жатабыз" - деп билдирди Т.Бекбоев.