Жаңылыктар
Борбордо 4 миң 337 ит кутурмага каршы эмделгени айтылды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо 4 миң 337 ит кутурмага каршы эмделгени айтылды

Борбордо 4 миң 337 ит кутурмага каршы эмделди. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айжан Чыныбаева борбордо окуучуну ит талаган окуяга байланыштуу уюштурган жыйында айтты. 

Эскерте кетсек, 1-апрелде Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасына ит тиштеп алган 12 жаштагы бала түшкөн. Окуя Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Интернетке тараган видеодон көчөдөн өтүп бара жаткан окуучуга капысынан ит кол салып, ага арачы болгон аялды дагы ит талаган. 

Видеодон баланы ит тиштеп коё бербей жатканы, аны ажыратып алууга аракет кылган адамдарды көрүүгө болот. Бул факт боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козгоп тергеп жатат. Иттин ээси аныктала элек. Бишкек мэриясы шаар тургундарына бакма иттерин эмдетүүгө жана аларды көчөгө чыгарганда башкалардын коопсуздугун эске алууга чакырды.