Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карата шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуулар боюнча 115 арыз келип түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карата шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуулар боюнча 115 арыз келип түштү

Бүгүнкү күнгө карата шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуулар боюнча 115 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун жыйынында билдирди. Анда Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин аймактардагы өкүлдөрү да онлайн форматта катышып, кайсыл тармактан арыздар түшкөн болсо, ошого жараша көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди.