Жаңылыктар
Улукбек Марипов Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери Пак Бён Сок менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери Пак Бён Сок менен жолугушту

Премьер-министр Улукбек Марипов дагы Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери Пак Бён Сок менен жолугушту. 

Өкмөт башчы Корея Республикасы тарабынан Кыргызстандагы шайлоо процесстерин уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. “Корея Республикасы биздин өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү ишке ашырууда чоң салым кошту. Атап айтканда, биз ачык айкын шайлоолорду өткөрүүдө кореялык технологияны пайдаланабыз”, - деп белгиледи Премьер-министр. 

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери Пак Бён Сок кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Улукбек Марипов белгилегендей, кыргыз тарап келечекте эки өлкө ортосундагы саясий пикир алышуунун улантылышына чоң маани берет жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экендигин билдирди.