Жаңылыктар
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна Кыргызстан жарандарын кабыл алуу башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна Кыргызстан жарандарын кабыл алуу башталат

Тышкы иштер министрлиги 2021-2022-окуу жылына карата Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна 12-апрелден 14-майга чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргызстандын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгын жарыялады. 

Министрлик сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт. Тандоонун эрежелери менен ТИМдин дипломатиялык академиясынын www.dipacademy.kg сайтынан таанышууга болот.