Жаңылыктар
Бишкекте эл аралык жаштар жыйыны болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эл аралык жаштар жыйыны болуп өттү

 Бүгүн Бишкекте Азиядагы ишеним жана өз ара аракеттенүү боюнча жаштар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ага 26 мамлекеттин өкүлдөрү, талдоочулар жана Кыргызстандагы жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

"Жаштар - биздин келечегибиз. Демек, келечекке кам көрүүнүн алгачкы жолу - бул аларды туура багытка салуу. Эгер жаштар бирдей тилекте болсо, бирдей максатта болсо, сөзсүз коюлган максаттарга жетсе болот. Дүйнө тынчтыгын камсыз кыла турган жаштар биригип, өз ара бирдей аракеттенсе гана, дүйнөдө тынчтык орнойт!", - дейт Азиядагы ишеним жана өз ара аракеттенүү боюнча жаштар кеңешинин өкүлү Гун Цзяньвэй.

 Жыйындын негизги максаты - Азия өлкөлөрүнүн эл аралык жаштар уюмдарынын өз кызматташтыгын чыңдоо. Жыйында учурдагы дүйнө коомчулугун ойлондуруп турган сепаратизм, экстремизм жана терроризмге бөгөт коюу жолдорун иликтеп-издеп, биргелешип иштеп чыккан коопсуздук программаларын ишке ашыруу максатында бир топ маанилүү ойлор ортого салынды.