Кыргызстанда жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду азайтуу пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу коомчулук менен түз эфирде баарлашкан учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташына байланыштуу. “Мен кодекстерге өзгөртүү киргизүү менен жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду азайтуу боюнча өкмөттүн токтомун иштеп чыгууга тапшырма бердим. Жакынкы арада мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет”, - деди Марипов.