Жаңылыктар
Кадрлар резервин чыңдоо максатында өтүп жаткан сынактын экинчи аңгемелешүү этабы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кадрлар резервин чыңдоо максатында өтүп жаткан сынактын экинчи аңгемелешүү этабы өтүүдө

Мамлекеттик кадр кызматында Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн сынактык тандоонун аңгемелешүү этабы өтүүдө. Мында талапкерлер аймакты өнүктүрүү боюнча программаларын сунуштап, комиссия мүчөлөрүнүн бүйүр кызыткан суроолоруна жооп беришүүдө. Анын жыйынтыгы менен ар бир талапкерге тиешелүү баа коюлат. 

Бул президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылып жатат. Эске салсак, Мамлекеттик кадр кызматы Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн адистерди кадрлар резервине киргизүүгө март айында сынак жарыяланган. Ага катышууга 800дөн ашуун жарандан арыз келип түшкөн. 

Тандоонун биринчи этабы - компьютердик тестирлөөдөн 247 талапкер жетиштүү упай топтоп, кийинки этапка өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Аңгемелешүүнүн жүрүшү Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлүүдө.