Жаңылыктар
Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 6-9 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн - нефтетрейдерлер ассоциациясы
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 6-9 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн - нефтетрейдерлер ассоциациясы

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 6-9 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн деп болжолдоодо. Буга мунайга болгон дүйнөлүк баа өсүп жатканы себеп болууда. Ал ортодо абалга байкоо салган Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бааны ооздуктоо максатында бир нече сунуштарды иштеп чыккан.

Жыл башынан бери күйүүчү май кымбаттоонун үстүндө. Жазгы талаа иштерине удаалаш өскөн баа дыйкан, фермерлерге кыйынчылык алып келди. Баанын өсүшү жалпы эле унаа башкарган адамдын капчыгын жукартууда. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы Россиянын мунай базарларында күйүүчү жана майлоочу майдын дүң баасы көтөрүлүп жатканы байкалып жатканын белгиледи. Бул импортко көз каранды Кыргызстанга түз таасирин тийгизет.

Пандемиядан бери доллар 85 сомго чейин өсүп, сомдун куну 20 пайызга чейин төмөндөгөн. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги күйүүчү майга болгон бааны турукташтыруунун жолдорун караштырып, тиешелүү министрликтерге сунуш берген. Анда күйүүчү майды сырттан сом менен сатып алуу, Казакстандан келчү күйүүчү майга болгон бажы алымын алып салуу келишимин түзүү жана нефтетрейдерлерге салык жагынан жеңилдик берүү каралган.
Адистер азыр дүйнө жүзү боюнча экономика кайра жанданып, мунай затка болгон суроо-талап жогорулап жатканын билдирди. Экономист Кубанычбек Идинов мындай шартта башка өлкөлөр менен дагы күйүүчү майды ташып келүү жолдорун таап, бааны турукташтырса болот деген пикирде.

Кыргызстанда өндүрүлгөн мунай зат өлкөдөгү керектөөнүн 10 пайызга жетпеген бөлүгүн жаба алат. Бизде жалпы 10го жетпеген мунай иштетүүчү завод бар. Адистер өлкөдө 300 миллион тоннага жакын көлөмдө мунай бар экенин, баалуу товарды өзүбүздөн өндүрсө ички базарды камсыздоого мүмкүнчүлүк жаралаарын белгилешти. Бул абалдан чыгуунун бир жолу.