Алайда кар көчкүнүн алдында калды делген баланы 100дөн ашык адам издөөдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдалдар министрлигинен билдиргендей, аталган райондун Терек айылында 2-апрелде тоодон кар көчкү түшүп, мал кайтарып жүргөн 14 жаштагы бала дайынсыз жоголгон. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 30 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, мындан сырткары, жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылган.
5-апрелде натыйжа бербегендиктен издөө иштери убактылуу токтотулган. Жоголгон баланы издөө иштери 6-апрель күнү улантылууда.