Жаңылыктар
УКМК: Баткен облусунан контрабандалык жүк кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Баткен облусунан контрабандалык жүк кармалды

УКМК контрабандага каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунда жайгашкан Партнер Нефть май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлдү.

Кампанын аймагындагы тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Опель Зафира үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.

2021-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кармалган автоунаа УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» өткөрүү пунктунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.