Бишкекте борбордук жылытуу системасынан жылуулук берүү токтотулду. Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.
Район башчыларына жылуулук сезонунун аяктоосуна байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Эреже боюнча жылуулук беш сутка бою катары менен тыштагы абанын температурасы +8 градустан жогору болуп турса токтотулат.