“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун “Сосновка” жана Токтогул районунун “Арал” постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
6-апрелде эртең мененки саат жетиден тарта “Сосновка” жана “Арал” постторунда убактылуу киргизилген чектөө алынды.