Жаңылыктар
Курч кырдаалдын алдын алып, резерв катары 2 млрд. 400 млн. сом каражат сакталып турат
Кыргызстан жаңылыктары
Курч кырдаалдын алдын алып, резерв катары 2 млрд. 400 млн. сом каражат сакталып турат

Экономика жана финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттен резерв катары 2 млрд. 400 млн. сом көлөмүндөгү каражатты сактап турат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, бул каражат күтүлбөгөн чыгымдарды, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал олуттуу түрдө начарлап кеткен учурда каржылоого жумшалат. 

Мындан тышкары, өкмөттүн буйругу менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана илдеттин очогунда иштөөгө тартылган жактарга кенемте төлөөгө 500 млн сом суммасындагы каражат каралды.