Медициналык жана социалдык кызматкерлердин пандемия учурундагы күжүрмөн эмгегин, кошкон салымын белгилөө максатында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылды “Медициналык жана социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы”- деп жарыялады.
Анын алкагында Кыргызстанда апрель айынын 1нен 17не чейин ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт, - деп билдирди Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Анын айтымында, эми өлкө аймагындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ачык эшик күндөрү өткөрүлөт.
Жарандарга кан басымын, кандагы канттын өлчөмүн жана ден соолугун текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле түйшүктүү кесиптин ээси болгон медкызматкерлердин айлыгы 40%га жогорулай турганы да айтылды.