Жаңылыктар
Таласта Апрель окуясы эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта Апрель окуясы эскерилди

Таласта Апрель окуясы эскерилди. Шейит кеткендерге арналып тургузулган эстеликке, ынкылаптын катышуучулары, курман болгондордун жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, адилетсиз бийликке каршы туруп курман болгондордун элесине арнап куран багыштап, гүл чамбарларды коюшту.Кыргыз журту эзелтен эркин эл экенин айткан таластыктар, апрель революциясында курман болгон баатырлардын ысымдары тарыхта өчпөй сакталаарын баса белгилешти.