Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча түшүндүрмө-жыйын бүгүн И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери менен өттү. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жана көз карандысыз эксперттер баш мыйзамдагы бир катар беренелерге токтолуп, жаңы долбоордогу билим берүү жана бир катар социалдык багыт боюнча киргизилген жаңычылдыктар тууралуу айтып беришти. Жаштар өз пикирин билдирип, талкуу суроо-жооп менен уланды.