Коронавируска каршы Россиянын өндүрүшүнөн чыккан “Спутник V” вакцинасын сатып алууга кошумча каражат бөлө турган долбоор даярдалууда. Бул боюнча вице-премьер-министр Артем Новиков аталган вакцинаны алууга тапшырма берген. Анын алкагында 118 миң адам эмделет. Вакцина май, июнь айларында келиши күтүлүүдө.