Жаңылыктар
Элдик апрель революциясына 11 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик апрель революциясына 11 жыл

7-Апрель - Элдик революция күнү. 2010-жылдагы апрель окуясына бүгүн 11 жыл толду. Бул дата тарыхта - Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары калды. 

Дал ушул 7-апрель күнү миңдеген адам борбордук аянтка келишип, эл эркиндиги, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн Бакиевдин режимине каршы чыккан. Бийлик тарабынан атылган октон ондогон адам мерт кетип, дагы жүздөгөн адам жаракат алган. Элдик толкундоо ал кездеги президентти бийликтен кулатып, ал эми Бакиев үй-бүлөсү менен өлкө аймагынан чыгып кетүүгө жетишкен. Министрлер кабинети отставкага кетип, бийлик убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. 

Эскерте кетсек, 7-апрель Кыргызстанда майрам катары кабыл алынып, жумуш эмес эс алуу күнү катары белгиленип келет.