Эркиндикти жана демократиялык түзүлүштү самаган элдин мүдөөсү кайсы бир деңгээлде ишке ашты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 7 - Апрель элдик революциясынын курмандыктарын эскерүү учурунда айтылды.
Иш-чарага жеригиликтүү бийлик, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана аксакалдар катышты. Чогулгандар каза болгон мекендештердин элесине арнап гүл коюп, куран түшүрүштү. Эскерүүнүн катышуучулары мындан ары каргашалуу окуялар кайталанбашын тилешип, бийлик эч үчүн адилеттүү башкарууну орнотуп, болуп өткөн ыңкылаптардан сабак алып турушу керектигин белгилешти. Апрель окуясында Жалал-Абад облусунан 9 эр азамат каза болуп, 67 мекендешибиз жаракат алган.