Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында 7-Апрель - Элдик революция күнүнө карата “Апрель баатырлары унутулбайт” деген аталышта адабий кече өттү.
Анда “Ата Журт кыйын күнгө калганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” аттуу республикалык поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү көркөм ыр окушту. Ошондой эле реквием жанрында композиторлор арасында жарыяланган сынакта жеңүүчү болгон “Баатырларга” реквиеми жаңырды.
Эскерте кетсек, өткөн жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленген эмес. Муну эске алып, маданият министрлиги бир катар сынактарды жарыялаган болчу. Кечеге Апрель революциясынын баатырлары, коомдук-маданий ишмерлер жана шаар тургундары катышты.