Борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтөт. Бул тууралуу Бишкектин эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында чечим кабыл алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 12-апрелден тарта мектептер онлайн окууга өтөрү белгиленет. Ал эми шайлоо участкалары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат. Мындай чечим коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот.
Ошондой эле мэрия калаада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, мобилдик бригадалардын жана чарбалык субъектилердин саны көбөйтүлгөнүн эскертти. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы бардык мектеп, бала бакчалар 1-апрелден тарта толук кандуу иштей баштаган.