Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатында коло байгенин ээси болду. Кыргызстандык спортчу 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди жеңип алды.
Буга чейин ал эки беттеш өткөргөн. Алгач чейрек финалда дүйнө чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, казакстандык Элдос Сметовду жеңип алган. Бирок жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Юнг Йанг Вэйден утулду.
Эске салсак, чемпионат Бишкекте өтүп жатат. Ал 9-апрелге чейин уланат. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген.