Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагына метеорит түштү деп болжолдогон маалыматты тактап жатканын кабарлады.
Буга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары 7-апрелге караган түнү асмандан учуп түшкөн жарыкты видеого тартып алып, аны интернет колдонуучулары кызуу талкуулашкан. Соцтармак колдонуучулары метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Анын жерге түшкөн-түшпөгөнү азырынча белгисиз.