Жаңылыктар
Улукбек Марипов: Бизнес менен өз-ара пайдалуу мамиле түзүү экономиканы өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов: Бизнес менен өз-ара пайдалуу мамиле түзүү экономиканы өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат

Бизнес менен өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу мамиле түзүү өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде бизнес жана IT-компания өкүлдөрү менен биргеликте өткөн дарак отургузуу иш-чарасында айтты. 

Премьер-министр Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары - ишкерлердин жана инвесторлордун укугу, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктары мамлекет тараптан корголушун камсыздоо экенин баса белгиледи. Ишканаларды экономикалык жана финансылык жактан колдоого алуунун, финансылык тутумду жакшыртуу, кичи жана орто бизнести колдоого алуу иштерин уюштуруу үстүндө иш жүрүп жаткандыгына токтолду. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн отургузулган көчөттөр бизнес менен жаңы диалог башталышынын саамалыгы катары кабылданат.