Жаңылыктар
Владимир Золоев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынан алтын медаль жеңди
Спорт
Владимир Золоев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынан алтын медаль жеңди

Кыргызстандык балбан Владимир Золоев 81 кг салмакта дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынан алтын медаль жеңип алды. 

Финалда кыргыз спортчусу түштүк кореялык Ли Мун Чинди утуп, Азия жана Океания чемпионатынын чемпиону аталды. Ошондой эле, буга чейин 60 кг салмакта Кубанычбек Айбек уулу коло медаль тагынган. 

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке 28 мамлекеттен 195 спортчу 15 топтом медаль үчүн күч сынашууда.  

Аталган чемпионат 9-апрелге чейин уланат. Мелдешти түз эфир аркылуу КТРК Спорт каналы көрсөтүүдө.