Жаңылыктар
Апрель ыңкылабынын баатырлары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель ыңкылабынын баатырлары эскерилди

Мындан он бир жыл мурда болгон Апрель элдик революциясы эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен жазылган каргашалуу күн болуп калды. 

Арадан он жылдан ашуун убакыт өткөнү менен орду толгус жоготуулардын, кыйылган кырчындай өмүрлөрдүн ызасы сууй элек. Эл мүдөөсүн көрсөткөн бул күндү эскерип, Президент Садыр Жапаров “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги баатырлардын жайына гүл койду.