Жаңылыктар
Апрель окуялары кыргыз тарыхында... Элдин максаты, үмүтү акталдыбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель окуялары кыргыз тарыхында... Элдин максаты, үмүтү акталдыбы?

Арадан 11 жыл өткөн соң, апрель ыңкылабынын максаты, үмүтү акталдыбы деген суроо ар тараптуу талкууланууда. .

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын башаты бир-эки күн мурун Нарында жана Таласта башталган элдик толкундоолор болду. 6-апрелде облустун борборуна чогулган эл мамлекеттик администрацияны, ички иштер башкармалыгынын имараттарын бошотуп, элдик бийликти орнотушкан. 

7-апрелде Бишкекте борбордук аянтка миңдеген адамдар чогулуп, коррупциялашкан, үй-бүлөлүк кландык башкарууга каршы чыгышкан. Буга катар электр энергия, байланышка болгон баалар кымбаттап, социалдык көйгөйлөр өтө курчуп кеткен.

Ошол күнү бийликтин элге карата аткан огунан 87 адам каза таап, жүздөгөн кишилер оор жаракаттарды алышкан. Элдик толкундоолордон улам президент бийликтен кулатылып, Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Министрлер кабинети отставкага кетип, бийлик убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. 

Арадан 11 жыл өткөн соң, апрель ыңкылабынын максаты, үмүтү акталдыбы деген суроо ар тараптуу талкууланууда. Тарыхчылар апрель ыңкылабынын максаттары жарым жартылай ишке ашты деген пикирде.