Жаңылыктар
Эркиндиктин эрте жаздагы курмандыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Эркиндиктин эрте жаздагы курмандыктары

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя маалында 87 киши набыт болгон. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты. Адилетсиз бийликке каршы көтөрүлгөн карапайым элге ок мөндүрдөй жаап, ондогон үй-бүлө жетим, жесир калды. Кабарчыбыз жакын адамынан айырылган бүлөнүн жашоосунан кабар алып келди.

Мындан 11 жыл мурда каргашалуу 7-апрель күнү атасынан ажыраган Аделя учурда 4 класста билим алууда. Эс тарткан өспүрүм ал кезде энесинин курсагында калган 2 жарым айлык наристе болчу. Апасы Гүлшат атадан калган туяк бир уулун жана кызын эч нерседен кем кылбай тарбиялап келет.

Айтбек Сагынбаев апрель окуясында ок жеп каза болгон эр-азаматтын бири. Ал 2010-жылы 7-апрель күнү көпчүлүктүн катарында Ак үйдүн алдына барып, көкүрөгүнө ок тийип өмүрү менен кош айтышкан. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Коо айылында туулган Айтбекти жакындары кичине кезинен эле мээримдүү, кайрымдуу, эмгекчил болгонун эскеришет. Жарык дүйнө менен кош айтышкан кырчындай өмүр көп адамды күйүткө салып кете берди.

Апрелдин жетиси Гүлшаттын жүрөгүнө кара так салган кайгылуу күн. Ал күйөөсү каза болгондо ишене албай, мүрзөгө көп каттап, муңканып жоктогонун айтат. Азыркы күнгө чейин кусалыгы бар.