Жаңылыктар
Баш мыйзамдын жаңы долбоору. Коомчулуктун башкы талабы бийликтин жоопкерчилиги
Саясат
Баш мыйзамдын жаңы долбоору. Коомчулуктун башкы талабы бийликтин жоопкерчилиги

Жекшемби 11-апрель күнү өлкө жарандары Баш мыйзамдын жаңы редакциясын референдум жолу аркылуу тандашат. Бул жолу жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо референдум бир күндө өтөт. Аракеттеги Баш мыйзамдан Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги артыкчылыктын бири аткаруу бийлигинин башына Президенттин келе турганы. 

Демек баардык жоопкерчилик мамлекет башчысында болот-дейт талдоочулар. Учурда жарандар жоопкерчиликтүү бийликти талап кылууда. Мындан улам элдин талабы менен Конституциялык реформа ишке ашырылды. 

Конституция мамлекеттин башкы мыйзамы, жогорку юридикалык күчкө ээ укуктук-ченемдик акт. Баш мыйзам мамлекеттин саясий, укуктук жана экономикалык тутумунун уңгусун аныктайт. Мындан улам өлкө жарандары мамлекеттин келечегин аныктай турган референдумга катышып, 11-апрель күнү Баш мыйзамдын жаңы редакциясын референдум жолу аркылуу тандашат.

Коомчулуктун башкы талабы бийликтин жоопкерчилиги. Мындан улам сунушталып жаткан Баш мыйзамды даярдоодо бийликтин жоопкерчилиги эске алынды-дейт талдоочулар. 

Колдонуудагы Баш мыйзамдан Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги айырмачылык аткаруу бийлигинин иш алып баруусуна Президент жоопкерчиликти алат. Президент аткаруу бийлигин түзүмүн жана курамын өзү аныктайт. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт.