Жаңылыктар
Жаңы Конституция - жаңы мүмкүнчүлүк
Саясат
Жаңы Конституция - жаңы мүмкүнчүлүк

Ошентип, 11-апрелде кыргызстандыктар тарыхый тандоосун жасап - Конституциянын жаңы долбоору боюнча чечим кабыл алышы керек. Мындай кадам бир нече топтогу чиновниктердин, бизнестин, криминалдын кызыкчылыгы эмес, бүткүл коомдун кызыкчылыгы үчүн жасалганы турат. 

Бул тарыхый күн канчалык жакындаган сайын, ошончолук ар кандай пикирлер дагы арбыды. Деген менен көпчулүктүн каалоосу, күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан үчүн, тарыхый тандоо жасоо болуп жатат. 

Ушул тапта элдин башкы талабы - саясий туруктуулук, экономиканы көтөрүү үчүн күчтүү саясий эрк керектигин Досубек Касымалиев белгилейт. 

Айтымында жаңы Конституция эл үчүн тез позитивдүү жана байкалаарлык натыйжаларга жетүү үчүн саясий шарттарды түзүү, кооптуу кырдаалдан чыгуу жолдорун аныктай алат. Кыргыз элинин 30 жылдан бери ишке ашпай келген жакшы жана акыйкат жашоого болгон үмүтү жаңы Конституцияны кабыл алуу менен аткарылат.