Жаңылыктар
Өлүм менен аяктаган кыз ала качуу. Учурда ишти акыйкат иликтөө үчүн тергөө жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлүм менен аяктаган кыз ала качуу. Учурда ишти акыйкат иликтөө үчүн тергөө жүрүүдө

Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кеткен кыздын сөөгү ордо калаадан анча алыс эмес жерден табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Жерине ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, буга чейин кызды ала качып кетти деп изделип жаткандардын хонда цивик үлгүсүндөгү унаасын аныкташкан. Ичинде зомбулук менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы кыздын сөөгү жана бычакталган 36 жаштагы кишинин жансыз денеси табылган. Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. 

Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган", - деп айтылат маалыматта. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган. Учурда ишти акыйкат иликтөө үчүн тергөө жүрүп жатканы айтылды. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган. Милиция кошумча маалымат берилерин билдирди.