Жаңылыктар
"Сосновка" жана “Арал” постунда убактылуу киргизилген чектөө алынды
Кыргызстан жаңылыктары
"Сосновка" жана “Арал” постунда убактылуу киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 8-апрель күнү саат 07:00дө "Сосновка" жана “Арал” постунда убактылуу киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2021-жылдын 7-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.